Токмокто эки бир туугандын урушу өлүм менен аяктады

Токмок шаарында адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токмок ШИИБге 14-сентябрь күнү Токмок шаарынын Нижне-Луговая көсөүндөгү үйдө 1961-жылы туулган Б.В. аттуу жарандын киши колдуу болуп өлгөнү жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган окуя боюнча Токмок ШИИБдин тергөө кызматында Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө амалдардын натыйжасында окуянын чоо-жайы такталган.

Киши колдуу болгон жаран аталган үйдө 1964-жылы туулган Б.А. аттуу бир тууган иниси менен чогуу жашаганы аныкталган. Окуя болгонго чейин үйдө чогуу арак ичишип, мас абалда уруша кетишкен. Анын кесепетинен иниси агасына өлүмгө алып келген залал келтирген.

Шектүү жаран Б.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө уланып жатат.