Елизавета IIнин табытын кайтарган күзөтчү элдин көзүнчө жыгылды

Британ монархиясынын резиденциясында Елизавета IIнин табытын кайтарган күзөтчүлөрдүн бири эс-учун жоготуп жыгылды, деп билдирет РИА Новости Daily Mail басылмасына шилтеме берүү менен.

Шаршембиде Лондондогу Вестминстер сарайында ханыша Елизавета II менен эл алдында коштошуу жөрөлгөсү башталды. Ал бир нече күнгө созулуп, 19-сентябрда саат 06:30да (Бишкекте 11:30) аяктайт.

Ушул эле күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө Елизавета IIни акыркы сапарга узатуу зыйнаты болот.