Кадамжайда милиция кызматкерлери диний экстремизмдин кесепеттерин түшүндүрүшүүдө

Кадамжай РИИБдин Халмион АМБнын жана Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кадамжай районунун аймагында мектеп окуучулары жана ата-энелери менен жолугушту.


Анда экстремизм менен терроризмге каршы аракеттенүү, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, улуттар аралык достукту чыңдоо боюнча маалыматтарды беришти.

WhatsApp Image 2022 09 15 at 09.21.21 1 Кадамжайда милиция кызматкерлери диний экстремизмдин кесепеттерин түшүндүрүшүүдө


Бул иш-чаранын негизги максаты жарандарга ислам дининин баалуулуктарын сактоо, диний кастыкты козутуучу чакырыктарга бөгөт коюу, интернет айдыңындагы диний экстремизмге жана терроризмге байланыштуу туура эмес маалыматтарды жайылтууда мыйзам тарабынан коюлган жоопкерчиликтерди жеткирүү, улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо болуп эсептелет. Бул багыттарда милиция кызматкерлери туура маалыматтарды жеткирүү максатында жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.


Халмион айыл аймагынын Жошук айылындагы орто мектепте милиция кызматкерлери окуучулардын ата-энелерин чогултуп, мектеп окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында Халмион айылынын Имамы менен биргеликте профилактикалык иштерди жүргүзүп, эскертүүлөрдү берди.


Жыйындын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр коштоосуз өз алдынча уюшулуп экскурцияларга, тоолорго чыгуусунун алдын алуу, мыйзамсыз акча жыйнабоо, кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, унааларда кортеж менен сейилдөөгө тыюу салынганын белгилеп, эскертүүлөрдү берип, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча талкуулар кенен жүрдү.


Интернет тармактары аркылуу ар кандай диний экстремисттик, террористтик топторго азгырган үгүт-чакырыктар көп кездешип жатканын айтышып, ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери жаштарды туура жолго үндөп, мыйзам бардыгына бирдей экендигин, мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертишти.
Эгерде, кимдир-бирөөлөр экстремисттик жана террористтик багытка чакырык жасаган учурда жакынкы милиция бөлүмдөрүнө же 102 телефону номуруна кабар берүүнү айтышты. Жыйындын жүрүшүндө жарандар кызыккан суроолорун беришип, жоопторун алышты.

WhatsApp Image 2022 09 15 at 09.21.21 Кадамжайда милиция кызматкерлери диний экстремизмдин кесепеттерин түшүндүрүшүүдө
WhatsApp Image 2022 09 15 at 09.21.22 Кадамжайда милиция кызматкерлери диний экстремизмдин кесепеттерин түшүндүрүшүүдө

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы