Караколдо эки аялды өлтүргөн адам кармалды

Каракол шаарында киши колдуу болгон эки аялдын жансыз денеси табылды. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрда саат болжол менен 00:00 чамасында Каракол ШИИБге Кашка-Суу кичи районундагы үйлөрдүн биринде 2 аялдын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Кароо учурунда 1965 жана 1966-жылы туулган жарандардын бычакталганы аныкталган.

Кылмышка шектелип, 1978-жылы туулган Ч.У. аттуу жаран кармалды. Анын үйүнөн кара куурайдын суюктугу табылган.

Экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

whatsapp image 2022 09 15 at 12 25 54 Караколдо эки аялды өлтүргөн адам кармалды