Биз дүйнөнүн эң күчтүү командаларынын бири экенибизди далилдедик, – жеңишке жеткен балбандар

Спортчуларыбыздын Белграддагы жеңиши менен кыргыз күрөшүнүн тарыхында жаңы барак ачылды. Бул тууралуу Белградда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрүн салтанаттуу тосуп алуу аземинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

«Мен жалпы мекендештерди балбандарыбыздын жеңиши менен куттуктайм. Дүйнөнүн 7 миллиард элинин арасында кыргыздар – эң күчтүү, өлкөбүз чемпиондорубуз менен сыймыктанат.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын спортчуларына жана машыктыруучулар курамына президенттин саламын жолдойм. Бул эгемендүү өлкөбүз үчүн чоң жеңиш жана жетишкендик», — деди Эдил Байсалов.

15 Биз дүйнөнүн эң күчтүү командаларынын бири экенибизди далилдедик, - жеңишке жеткен балбандар
66 Биз дүйнөнүн эң күчтүү командаларынын бири экенибизди далилдедик, - жеңишке жеткен балбандар

Спортчулардын салтанаттуу жыйыны «Манас» эл аралык аэропортунун расмий делегацияларын кабыл алуу залында өттү.

Спортчулар өткөн беттештерден алган таасирлери менен бөлүшүп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

«Биз мыкты даярдыкта экенибизди, биз дүйнөнүн эң күчтүү командаларынын бири экенибизди далилдедик. Албетте, жеңишке мамлекеттин, президенттин жана элибиздин колдоосу менен ээ болдук», — дешти алар.

Белгилей кетсек, Кыргызстан кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Бишкек шаарына 17-сентябрда, ал эми эркин күрөш боюнча курама командасы 2022-жылдын 20-сентябрында келет.