Чүйдө өз баласын өлтүрүп, короосуна көмүп койгон адам кармалды

Чүйдө дайынсыз жоголгон адам киши колдуу болгону аныкталып, шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата РИИБге Ж.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 8-сентябрда 1987-жылы туулган И.Р. аттуу жолдошу үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Кайрылуунун негизинде жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жүрүшүндө Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Чүй ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан И.Р. аттуу жаран Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылындагы ата-энесине барганы белгилүү болгон.

Андан аркы жүргүзүлгөн издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз жоголгон И.Р. ата-энесинин үйүнүн короосуна көмүлгөнү аныкталып, табылган.

Кылмышка шектүү катары өлтүрүлгөн жарандын атасы — 1963-жылы туулган И.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, кылмыш үй-бүлөлүк чырдын жана ата-баланын өз ара урушунун негизинде жасалганы аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

CHon Daly Ubijstvo Чүйдө өз баласын өлтүрүп, короосуна көмүп койгон адам кармалды