Руслан Бекназаров кармалган жок, ал суракта

Азимбек Бекназаровдун уулу, Бишкектин Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров кармалган жок. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал милицияга суракка чакырылган. Буга чейин жергиликтүү ММКларда Руслан Бекназаров экстремизмге шектелип кармалганы тууралу маалымат чыккан.

ИИМден белгилешкендей, бул боюнча толук маалымат кийинчерээк берилет.