Region телеканалында кастык тили, манипуляция колдонулуп, журналисттик этика бузулган

11-сентябрда Region телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов “А балким” аттуу дээрлик 11 мүнөттүк автордук программасын чыгарды. 

Bulak.kg редакциясы материалда журналисттик этиканын бузулушун, манипуляция ыкмаларынын колдонулушун, мындан тышкары кастык тили бир нече ирет айтылганын аныктады. 

Автор төмөнкү билдирүүлөрдү айткан: 

Билдирүү: “Баарыбыз күбө болгондой, Кыргызстандын ички саясаты дүйнөдө болуп жаткан бардык саясий жүрүштөрдү кошуп карагандан да активдүү болуп, бир күнүбүз дагы саясаттын сасыткы оюндарысыз өтпөй койду”. 

Журналист күн сайын өлкөдө талкууга алынчу саясатты дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөрдө болгон окуялардан ашканын айтып, чыныгы жагдайдын масштабын көбөйттү. Бирок бул сөзгө жүйө катары күн сайын өлкөдө саясат талкууланарын гана айткан.  

Жыйынтык: масштабды бурмалоо аттуу манипуляция ыкмасы. Масштабды бурмалоо  — окуялардын маанисин төмөндөтүү же апыртуу максатында алардын реалдуу масштабын өзгөртүү. 

Билдирүү: “Албетте, мурдагыдай болуп эле туш келди саясий фигуралар ачыктан ачык чыгып, бийлик талашып жаткан жери жок. Бийликтен кур калган, бул бийликти кантип болсо дагы кулатып, ордуна кайрадан өздөрү барып отуруп, каалаганын кылгысы келип жаткандар эми башка ыкмага өтүштү”. 

Билдирүүдө саясий фигуралардын конкреттүү ысымы айтылган жок жана алардын бийликке келүү максатын, бийликтен “каалаганын кылгысы келгенин” тастыктоочу фактылар келтирилген жок. Демек, бул автордун жеке пикири. 

Жыйынтык: кесипитик этиканын 10-беренеси бузулган: “Фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл”. 

Билдирүү:Эми алар коомчулукка сагызгандай шакылдап турганга бир актерду жалдап, аны “сен кийинки президентсиң деп алдап”, ансыз да президент болсом деп 10 жылдан бери өзүн эл алдына периште кылып көрсөтүп жүргөн кишини алдыга салып коюп, өздөрү көшөгө артынан тымызын саясатын жүргүзүүгө аракет кылып жаткан учур. Анысы берилип алып, күнү түнү өзүнүн Facebook, YouTube’дагы өзү айтмакчы бакма блогер, активисттерине, президент Жапаров менен Ташиевди болушунча жамандап, ойду-тоону сүйлөтүп, бир туруп, Кемпир-Абадга барып, ызы-чуу салгысы келип, бир туруп, Жогорку Кеңешти таркап кетүүгө үндөп, бир туруп хадис айтып, кыскасы, баягы эле, адатынча жашоосун өткөрүп жүрөт”. 

Билдирүү фактыларга эмес, автордун жеке пикирине негизделген. Мындан тышкары, “сагызгандай шакылдап турганга бир актерду жалдап”  — бул оппонентти каралоого багытталган кастык тили. Ошол эле учурда берүүдө сөз болуп аткан адамдын жана анын тарапташтарынын пикири берилген эмес. 

Этикалык кодекстин 17-беренесине ылайык, каршылаш тараптардын, анын ичинде журналисттин сынына кабылган адамдардын пикирлеринин тең салмакта берилиши шарт.

Каралоо  — коомго таасир этүү максатында көп колдонулат. Манипулятор аудиториянын эмоцияларына таасир этип, көрөрман начар деп эсептеген ойду көтөрүп чыгат.

Жыйынтык: кесиптик этиканын 10 жана 17- беренелери бузулган, оппонентти каралоо аттуу манипуляция ыкмасы жана кастык тили колдонулган. 

Билдирүү: “Ага ишенген кээ бир жаштар тилим бар эле деп, акыбетин ойлобой, түштүк диалекти менен айтканда гялдирап, жалган жашыкты сүйлөп алып, темир тор артына биринин артынан бири отуруп жатканын дагы көрүп турабыз. […] Бирөөлөрдү зексиң деп шылдыңдап, акыры өздөрү зек болуп калгандарды көрүп туруп, Кудай алдында баарыбыз пейлибизге сак болуш керектигин түшүнүп турабыз. 

Жыйынтык: Автор тамга басуу (навешивание ярлыков), каралоо аркылуу кастык тилин колдонгон. 

Билдирүү: “Буга чейин Кыргызстанды каалагандай калчап жүрүп, эми бийликтен куру калгандардын баары азыр бир муштумга биригип, бири элчи болуп отурганына, бири депутат болуп отурганына дагы бири жөн эле “бизнеске кеттим, элим кыйналганда кайра саясатка келемин” деп, келип-кетип, жүргөнүнө, бири абакта, же Россияда качып жүргөнүнө карабастан, гей-парадчылары дагы, эр-парадчылары дагы, батышчылы дагы, орусчулу дагы, чыгышчылы дагы, ити дагы, бити дагы, бир командага биригип, Жапаров-Ташиев бийлигине каршы иштеп жаткан чагы”. 

ti QUSPtocwlzQsNA3soDdEczzUl4Mw5ENDpli8VIlKprDH93bCcKyvn9AHJ5dTDdshGd6RJKcTPkMUK ZS E 5ntcDsm9ZyDGZFO S7vD3wQGWIyGn SKzRuqqDkBymOdfReadLCKU0r1fBzsbiOgfM4NjPU1BeUwXQm1HP3 hz62iNStljEGb6mg Region телеканалында кастык тили, манипуляция колдонулуп, журналисттик этика бузулган
Region телеканалындагы “А балким” программасынан алынган скриншот

Жыйынтык: оппонеттерди каралоо, көө жабуу, тамга басуу (навешивание ярлыков) жана жалпылоо аттуу манипуляция ыкмасы колдонулган. 

Жалпылоо — кайсы бир топтун айрым бөлүгүнүн сапатын жалпылап бүтүндөй топко тиешелүү кылып көрсөтүү.

Билдирүү: “Кыргыз элин мындай куу түлкүлөр нечен ирет алдап жүрүп, бүгүн эми кыргыз элибиз реалдуу иштерге гана карап, талдап, өзүнүн баасын берип калган болуш керек. 

Жыйынтык: Оппоненттерди “куу түлкү” катары сыпаттоо, басмырлоо, тамга басуу аркылуу кастык тилин колдонуу, жеке пикирди аудиторияга таңуулоо.

Мындан тышкары, программанын жүрүшүндө Рахманов УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку наамы ыйгарылганы тууралуу кеп кылып, анын себебин түшүндүрүп берген жана Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровду сынга алган.  

Эске салсак, буга чейин Өткүрбек Рахманов Region телеканалын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге караштуу экенин тастыктаган.

Аталган ЖМК президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин кылган иштерин, бийликтин иш аракеттерин байма-бай чагылдырып келет.

Жыйынтык:  11-сентябрда Region телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов “А балким” аттуу дээрлик 11 мүнөттүк автордук программасында манипуляция ыкмасын жана кастык тилин бир нече ирет колдонуп, кесиптик этиканын бузулушуна жол берген. Сюжетте автордун пикири аудиторияга таңууланып, сынга кабылган тараптардын пикири берилген эмес. 

Асель Сооронбаева