- Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызматтык
абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча 2 кылмыш ишин козгоду.
«Атап айтканда, Д.Бекмурзаев 2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта адис эмес
кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына,
Түркия Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Россия Федерациясына
кызматтык иш сапарларга жөнөтүп, мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирген.
Мындан тышкары, Д.Бекмурзаев «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексин
капиталдык оңдоодо «Б.» ЖЧКсына 15 млн сомдон ашык зыян келтирген», – деп
билдирди Башкы прокуратура.