Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы билдирүү таратты

КР Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын билдирүүсү:

Өнүгө турган өлкө өз өндүрүүчүлөрүн коргойт, колдойт!

Азык-түлүктүн, күнүмдүк тамак-аштын буга чейин болуп көрбөгөндөй күн сайын кымбаттап жатканын элибиз баштан кечирип жатат. Кыргызстан үчүн азыр эң маанилүү иш – азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо мамлекетибиздин коопсуздугу менен түздөн-түз байланыштуу. Бул багытта КР Президенти С. Жапаров 2021-жылдын 8-февралында агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койгон. Министрлер Кабинетинин төрагасы А. Жапаров өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу үчүн негизги 9 азык-түлүк менен туруктуу камсыздоо, агроөнөржайын колдоо үчүн бюджеттен 10 млрд. сомду бөлүп берүүнү ишке ашырып жатат.

Дүйнө жүзү боюнча жүрүп жаткан кризис шартында ар бир мамлекет өздөрүнүн жергиликтүү өндүрүүчүлөрүн колдойт, аларга шарт түзөт. Өндүрүүчүлөр калкты азык-түлүктүн негизги бөлүгү менен камсыздайт, мамлекеттин коопсуз болушуна салым кошот.

Ал эми бизде абал кандай? КР Президентинин, Министрлер Кабинетинин аракетине Жогорку Кеңештин айрым депутаттары кандайча тоскоолдук кылып жаткандыгын көрүп жатабыз.

Акыркы 10 жылдан бери ата мекендик өндүрүүчүлөр ички соода жөнүндө мыйзамды парламенттин кабыл алуусуна жан үрөп келишет. Бул мыйзамдын долбоору тиешелүү процедураларга ылайык, Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкуу үчүн жарыяланган. Ички соода жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн быйылкы жылы КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б. Төрөбаев менен, Экономика жана коммерция министрлигинде, Айыл чарба министрлигинде ата мекендик өндүрүүчүлөр, ири соода түйүндөрүнүн, ондогон бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү менен 30дан ашуун иштиктүү жолугушуулар өткөрүлүп, ички соода жөнүндө мыйзам долбоорунун бардык күңгөй-тескейи талкууланган. Башкача айтканда, ички соода жөнүндө мыйзамды кабыл алуу – ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо менен колдоонун негизги механизми экендиги жеткиликтүү болгон.

12-сентябрда Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында ички соода жөнүндөгү мыйзам долбоорун кароо күн тартибине кирген. Комитеттин жыйынына Кыргызстандагы ири бизнес ассоциациялардын – канаттууларды өстүрүүчүлөр ассоциациясынын, сүт өндүрүүчүлөр бирикмесинин, ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын, Евразиялык бизнес клубунун, ири кластерлердин жана 20дан ашык ишканалардын жетекчилери катышты.

Көңүл бура турган жагдай, бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйыны башталаар алдында бул комитеттин мүчөсү болбогон Гүлкан Молдобекова ички соода жөнүндөгү мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салуу жөнүндө комитет мүчөлөрүн көндүрүп жүргөнү негедир ар кандай суроолорду жаратты…

Аталган комитеттин мүчөсү Камила Талиева да ички соода жөнүндө мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууну жыйында сунуш кылды. Ага башка ассоциациялар менен соода түйүндөрүнөн телефон чалып жатышкандыгын, бардык тараптарды угуу үчүн адегенде парламенттик угууларды өткөрүү керектигин, бул мыйзам долбоорун кабыл алууда шашып жатышкандыгын билдирди. Эң кызыгы, бул мыйзам долбооруна кызыкдар бардык тараптар – өндүрүүчүлөр жана соода тармактарынын өкүлдөрүнүн бардыгы ошол жыйында катышып отурса да, депутат К. Талиева ага ким чалганын айткан жок.

Ал эми депутат Гулшаркан Култаева: “Бул мыйзам долбоору боюнча коомдук угуулар болгон, соода түйүндөрүнүн сунуштары эске алынган. Ички соода жөнүндө мыйзам долбоору президенттин өткөн жылдын 8-февралындагы агроөнөржай комплексин өнүктүрүү боюнча жарлыгын ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан. Бүгүн жок дегенде долбоордун концепциясын кабыл алуу зарыл. Эгерде кимдир бирөөлөрдө кошумча сунуштар болсо, аларды биринчи жана экинчи окуулардын арасында кабыл алса болот. Бул мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууга негиз жок” деди.

Натыйжада Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети ички соода жөнүндөгү мыйзам долбоорун кароодон алып салды. Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы ар кандай форматтагы угууларды өткөрүүгө каршы эмес, буга чейин эле ушул мыйзам долбоору боюнча ар кандай деңгээлдеги 30дан ашык жумушчу жолугушууларда бардык тараптар долбоорду талкуулашканын дагы бир жолу эске салабыз. Биздин оюбузча, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн аба менен суудай керек болуп турган ички соода жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алууну улам артка жылдыруу менен, ата мекендик азык-түлүк өндүрүүчүлөрдүн иштерине чоң тоскоолдук кылып жатышат. Алар Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө ойлонушу керек эле.

Эртеңки күнү азык-түлүк коопсуздугу камсыздалбай, мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтирилсе, ким жооп берет?

Ички соода жөнүндө мыйзам кабыл алынса, биринчиден, ата мекендик өндүрүүчүлөр өндүргөн азык-түлүктөр арзандайт, экинчиден, ири соода тармактарына ашыкча төлөнүп жаткан 1 млрд. сомдой каражатты жаңы фабрика, заводдорду ачууга жумшап дагы жаңы, күчтүү бренддер өнүгүп чыгат. Ата мекендик өндүрүш өсүп, жумушсуздук азайып, Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу бекемделет. Булардын натыйжасында бюджетке салык төлөө жылына 5 млрд. сомго көбөймөк.  

Бирок КР Жогорку Кеңешинин айрым депутаттары эчак кабыл алына турган мыйзам долбооруна азыр дагы тоскоолдук жаратып жатышат. КР Агроөнөржай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы бул маселени коомчулук билүүгө тийиш деп эсептейт.