Абдуллаевдин иши боюнча мамлекетке 800 млн сомдон ашык каражат алынды

«Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын ээлеринин бири Журат Абдуллаевдин иши боюнча мамлекетке 800 млн сомдон ашык каражат алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Буга чейин Журат Абдуллаевге Кылмыш кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү (курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши ачылган.

УКМКдан белгилешкендей, бул иш боюнча айыпталуучунун демилгеси менен ага тагылып жаткан күнөөнү мойнуна алуу тууралуу келишим тузүлгөн. Иш тергелип бүтүп, Биринчи май райондук сотуна өткөрүлгөн.

12-сентябрда соттун чечими менен Абдуллаев күнөөлүү деп табылып, ага 100 миң сом айып пул салынган.