ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү

2022-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн (Жалал-Абад шаары) түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына жана Чаткал окуясынын 22 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

WhatsApp Image 2022 09 13 at 10.04.47 3 ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү


Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Дамир Алыбаев, аскер бөлүктүн ардагерлери жана чакырылган меймандар катышты.


Өз сөзүндө колбашчы аталган бөлүктүн өздүк курамы 2000-жылы Чаткал районуна караштуу Акташ айылындагы мыйзамсыз куралчан түзүмдүү жок кылууда, 2005-жылдан 2020-жылга чейинки мамлекетибизде болуп өткөн коомдук-саясий кырдаал учурунда жана коронавирус илдетин алдын алуу боюнча Өзгөчө кырдаал, Өзгөчө абал киргизилген учурда карантиндик режимди камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууда кайраттуулукту жана эр жүрөктүүлүктү көрсөтүшкөнүнө токтоло кетти.


Салтанаттуу иш-чараны утурлай Ички аскерлердин колбашчысынын жана өз ара кызматташкан түзүмдөрдүн буйруктарынын негизинде, бөлүктүн бир топ аскер кызматкерлери жана ардагерлери медалдар, баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты.
Салтанаттуу иш-чаранын аягында меймандардын назарына кармашып урушуунун элементтери, куралдуу кылмышкерди кармоонун жүрүшүндө атайын багыттагы бөлүктөрдүн аракеттери, курал-жарактардын жана күжүрмөн техниканын көрсөтүүлөрү, ошондой эле өздүк көркөм өнөр жамааты даярдаган концерттик программа тартууланды.

WhatsApp Image 2022 09 13 at 10.04.47 1 ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү
WhatsApp Image 2022 09 13 at 10.04.47 2 ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы