Доскул Бекмурзаевге 2 кылмыш иши козголду

  • Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызматтык
    абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча 2 кылмыш ишин козгоду.

  • «Атап айтканда, Д.Бекмурзаев 2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта адис эмес
    кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына,
    Түркия Республикасына, Өзбекстан Республикасына жана Россия Федерациясына
    кызматтык иш сапарларга жөнөтүп, мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирген.

  • Мындан тышкары, Д.Бекмурзаев «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексин
    капиталдык оңдоодо «Б.» ЖЧКсына 15 млн сомдон ашык зыян келтирген», – деп
    билдирди Башкы прокуратура.