Улан Ниязбеков Нарын облусунун Жумгал районунда эл менен жолугушту

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Нарын облусунун Жумгал районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушту. Ошондой эле, эл менен жолугушууга Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев да келишкен.

Жумгал районунун элинин кайрылууларынын басымдуу бөлүгү жайыт талашуу, жолдорду оңдоо, көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пулду берүүдөгү маселелер, айыл өкмөттөгү коррупция иштерин текшерип берүү, таза суу, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү боюнча болду.

Жергиликтүү тургундардын милиция кызматкерлери үчүн имарат салып берүү, алардын жашагандарына үй куруу, айлык акыларын көтөрүү боюнча сунуштарына Улан Ниязбеков жооп берип, кызматтык имарат салынып жатканын маалымдады. “Үй боюнча айта турган болсом, бүгүнкү күндө турак-жайды ипотекалык негизде берүү жагын дагы карап жатабыз, айлык маяна боюнча жакынкы арада маселелер чечилет”,- деп ИИМдин башчысы жергиликтүү тургундардын суроосуна жооп берди.

Жолугушуу учурунда дагы бир жаран бүгүнкү күндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин санынын жетишсиздигин, алардын айдап жүргөн кызматтык унаалары начар абалда экендигин айтып, бул маселени чечип берүүнү суранган. Жарандын суроосуна Улан Ниязбеков жооп берип, штаттык бирдик менен кызматтык унаа боюнча маселе жакын арада чечип бере турганын билдирди.

Белгилей кетсек, Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен кошо келишкен ИИМдин кызматтарынын жетекчилери жарандардан жеке өздөрү арыз-даттанууларды кабыл алууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 09 12 at 14.44.26 4 Улан Ниязбеков Нарын облусунун Жумгал районунда эл менен жолугушту
WhatsApp Image 2022 09 12 at 14.44.26 1 Улан Ниязбеков Нарын облусунун Жумгал районунда эл менен жолугушту
WhatsApp Image 2022 09 12 at 14.44.26 1 1 Улан Ниязбеков Нарын облусунун Жумгал районунда эл менен жолугушту