Бишкекте жалбырак өрттөгөндөргө 7 миң 500 сомго айып салынды

Бишкекте жалбырак өрттөгөндөргө айып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалбырак өрттөгөндүгү үчүн Чүй облустук ооруканасына айыппул салынды. Ошондой эле шаар тургуну 7 миң 500 сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Эскерте кетсек, кургак чөп өрттөгөндө оор химиялык заттар бөлүнүп, адам организмине, айлана-чөйрөгө коркунуч жаратат. Мыйзам бузгандарга 7 миң 500 сомдон 23 миң сомго чейин административдик айып каралган.