Баткен ОИИБи: Лейлекте адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталган. Шектүү Чүй облусунан кармалды

Бу тууралуу Баткен ОИИБи билдирди.

Лейлек РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районунда жасаган кылмыш иши үчүн жоопкерчиликтен качып, Чүй облусунун аймагында жышырынып жүргөн жаранды кармашты.

Аныкталгандай, 2022-жылдын 5-январь күнү жаран Т.К. “Мерседес-Бенц-Спринтер-318” үлгүсүндөгү унаасын башкарып келе жатып, Жол кыймылынын эрежелерин бузуп, каршы тилкеге өтүп, карама-каршы багытта келе жаткан “Деу-Матиз” үлгүсүндөгү унаа менен кагылышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен “Деу-Матиз” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каза болуп, унаадагы жүргүнчүсү ооруканага жаткырылган.

WhatsApp Image 2022 09 12 at 15.41.25 Баткен ОИИБи: Лейлекте адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталган. Шектүү Чүй облусунан кармалды


Андан соң, жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелген жаран 31 жаштагы Т. К. кылмыш жоопкерчилигинен качып, Чүй облусунун аймагында изин жашырып качып жүргөн. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинде (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголуп, жогорудагы шектүү жаранга карата издөө жарыяланган.

Лейлек РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жаран Т. К. Сокулук районундагы айылдардын биринде жашынып жүргөн жеринен кармалды. Азыркы күндө кармалган жаран Лейлек РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.