12 жаштагы кызынын абалы оор: Златоуст шаарында кыргыз үй-бүлөсү жол кырсыгына кабылды

Челябинск облусунун Златоуст шаарына жакын жердеги М-5 трассасында Кыргызстандын жараны К.Ш.,нын башкаруусундагы «Рено Логан» автоунаасы карама-каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу «Вольво» унаасын сүзгөн. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматта жол кырсыгы бүгүн, 7-сентябрда болгондугу айтылат.

Жеңил унаанын ичинде бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү болгон — ата-энеси жана алардын төрт баласы. Алардын бардыгы Кыргызстандын жараны. К.Ш. жубайы жана балдары Ош шаарынан Уфага учуп келишкен. К.Ш. аттуу жаран үй-бүлөсүн Уфа шаарындагы аэропорттон тосуп алып, аталган автоунаа менен Нижневартовск шаарына бара жатышкан.

«Кырсыктан жабыркаган кыргызстандыктар Златоустагы шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген. 7-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө К.Ш.,нын 12 жаштагы кызына операция жасалды. Кыздын абалы оор. Башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн абалы канааттандырарлык, бирок учурда алар аталган оорукананын травматология бөлүмүндө жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Аталган кырсык боюнча окуя Башкы консулдуктун көзөмөлүндө, оорукананын кызматкерлери менен үзгүлтүксүз байланыш түзүлгөн.