12 жаштагы кызды зордуктап жүргөн өгөй ата кармалды

Түп районунда 12 жаштагы өгөй кызын зордуктап жүргөн кишинин кылмыш иши тергелип бүтүп, материалдары сотко жиберилди.

Кылмышка шектүү адам быйыл июль айынын аягында кармалган.

Ысык-Көл облустук милициянын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 29-июль күнү милицияга жаран кайрылып, жарандык никедеги 60 жаштагы жолдошу 12 жаштагы кызын күч колдонуп зордоп жүргөнүн айтып, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Милиция кызматкерлери шектүү адамды, Түп айылынын тургунун үйүндө кармаган.

Соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынган болчу.

Баардык соттук экспертизалар дайындалып, күнөөсү толук далилденип, шектүү күнөөсүн мойнуна алган.

31-август күнү кылмыш иши Түп районун сотуна жөнөтүлгөн. 

Редактор

Редактор

12 жаштагы кызды зордуктап жүргөн өгөй ата кармалды