Түп районундагы 6,14 гектар айдоо жер мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 6,14 гектар айдоо жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Түп райондук прокуратурасы жүргүзгөн иликтөөдө айдоо жерлер 4 дыйкан чарбанын менчигине мыйзамсыз өтүп кеткени аныкталган. 

«Бул маселе боюнча райондук көзөмөл орган сотко доо арыз жолдогон. Соттук кароонун жыйынтыгында арыз толук канааттандырылган. 20 млн 575 миң сомго бааланган 61.4 гектар жер айыл аймакка өткөрүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Прокуратура бул жааттагы ишин улантып жатат.