Cадыр Жапаровдун миллионер Азим Рой менен түшкөн сүрөтү талкууда

Интернетте президент Садыр Жапаровдун миллионер Азим Рой менен бирге отуруп түшкөн сүрөтү талкууга жем таштады.

Президенттин администрациясынан бул окуя тууралуу маалымат берише элек.

Жакында эле президенттин кортежин жаңы, заманбап унаалар коштогон видео тараган. Ошол учурда Эрбол Султанбаев аны Рой тарабынан белек кылгандыгы боюнча маалыматты четке каккан.

OCCRPнын изилдөөчү журналисттери Рой Орусиянын жана Орто Азиянын кылмыштуу чөйрөсүнө катышы бар экендигин жана ал Камчыбек Көлбаевдин тууганы менен иш алып барат, – деп жазышкан.