Садык Шер-Нияз билдирүү жазып, Байсаловдун айткан пикирине нааразы болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Сагымбай Манасчы” деген фильмдин бетачаарына барып, анын жакпай калганын билдирген.

Буга байланыштуу соцтармактагы баракчасы аркылуу ЖКнын мурдагы депутаты, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз билдирүү жазып, Байсаловдун айткан пикирине нааразы болду.

Кайрылууну толук беребиз:

Сагымбай манасчы фильми тууралуу…

Эсимде ыраматылык Мурат Алиев Курманжан Датка фильминин оператору: “Саке менин маянам 9000сом экен, тоо ташта жүрөт экенбиз бул акча бензинге деле жетпейт го” деди муңайып. “Камтама болбо Муке ага менин маянамды кошуп (меники деле ошончо) аны дагы эки эсе көбөйтүп чөнтөгүмдөн төлөп берем дедим. Ошентип кайрылгандар көп болду. Ошондой жооп алып жатышты. Фильмдин аралыгында консервация (кыш убагында) деген бар 7-8 ай эч ким айлык албайт. Ошол убакта группа тарап кетпесин деп группа айлык алып турду (мамлекеттин эсебинен эмес).

Бөлүнүп берилген суточный кара нан менен шылдыраган шорпого араң жетет экен, достордон сурандым жок жегенде жумасына эки жолу кой жеткизип берип тургула балдар ачыркап калбасын деп ар бири бирден экиден кой союп тамак берип турушту. Кийин эсептеп көрсөк кошумча 10млн сомдой кетиптир. Ошентип тартылган Курманжан Датка. Намыс үчүн деп артисттер күнүнө 800сомдой акча алып, дээрлик бекер иштеп беришкен. Мисалы: Назира Мамбетова ролу үчүн 5000сомдой тыйын алып кайра “Арбактуу ролду ойнодум” деп 12000сомго дасторкон жайып берген жайы бар.

Ал эми Убукеев, Океев, Шамшиев, Базаровдордун кино тартып жүргөндө гонорары канчалык болгонун Базаровдун көзү тирүү сурап көрсөк болот. Айтып берет. Салыштырмалуу 50эсе жогору болгон. Ошону үчүн алар бул жаңы заманда жарытылуу кино жараталбады деп ойлойм.

Бул заманда фанаттар кино жаратып келе жатышат. Ошол фанаттардын бирөөсү Эрнест Абдыжапаров. Кинону көрө элекмин бирок ишенем Эрнест Абдыжапаров каражаттын жетишпегенин чеберчилиги менен колунан келишинче “жамады” го деп.

Биз өзүбүздү өзүбүз сыйлабайбыз, бирок кошуна өлкөлөр, ошол эле казак туугандар кыргыз киносу жөнүндө эмне деп жатканын тыңдап көрчү бурадар.

Анан мамлекеттин чоң кызматынын башында туруп, аябагандай каражат бөлдүрүп берип ошол каражат ашып ташып жаткансып, кинонун “бет ачарында” текеберленип маданият адамын шагын сындырып сүйлөө бул эң кеминде жосунсуз окуя. “Мен жеке оюмду айтып жатам” деп. Мен да жеке оюмду айтып коюумду туура көрдүм. “Бет ачаар” эмей эле “Бетке чабаар” кылыпсыңар!

Биринчи кезекте киночуларды кантип көтөрүү жолун ойлонуп, мамлекеттик механизмдерди ойлоп таап, кошуна мамлекеттердин канча каражат бөлүп берип жатканын сурап билип анан сөз сүйлөсөк, мүмкүн ушул жарыбаган тыйын менен киночыгарма жасап жүргөндөрдү биринчи кезекте “кордоо” эмес “сыйлоо” керек болуп жүрбөсүн. 

Киночуларга айтаарым, эч нерсеге муюбай, кадимкидей кайрат менен жолубузду улай берели, убагы келгенде эмгегиңерди эл баалайт.