КМШ мамлекеттеринин Ички иштер министрлеринин Кеӊешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын уюштурулду

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Чолпон-Ата шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин Ички иштер министрлердин Кеӊешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы менен маалымат жыйын өткөрдү.


Анын айтымында, бүгүн Чолпон-Ата шаарында КМШ мамлекеттердин Ички иштер министрлеринин Кеӊешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү. “КМШнын тармактык өз ара аракеттенүү органдарынын бири болгон Ички иштер министрлеринин Кеңеши – жогорку ишкердик абройго ээ болгонун канааттануу менен белгилегим келет. Кеңештин натыйжалуу ишмердүүлүктүн аркасы менен Шериктештик мамлекеттеринин укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү эң жемиштүү байланыштарынын бири болуп калды.

WhatsApp Image 2022 09 08 at 14.51.56 КМШ мамлекеттеринин Ички иштер министрлеринин Кеӊешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын уюштурулду

Жыйындын ишине Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнүн ички иштер министрликтеринин жетекчилери, КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштардын башка коркунучтуу түрлөрүнө каршы күрөшүүнү координациялоо боюнча бюронун, ошондой эле КМШга катышкан мамлекеттердин Аткаруу комитетинин жана Антитеррордук борборунун жетекчи курамы катышты.

Биз, тиешелүү чечимдерди кабыл алуучу маанилүү, ошондой эле актуалдуу маселелерди карап чыгып, аларды талкууладык. Бул, биринчи кезекте, КМШга катышкан мамлекеттердин Ички иштер министрликтеринин кызматташтыгынын артыкчылыктуу маселелерине жана адамдарды сатууга, терроризмге, экстремизмге, баңги бизнесине, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү сыяктуу ар кандай багыттар боюнча кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн мамлекеттер аралык программаларын ишке ашыруунун жүрүшүнө, ошондой эле кибер кылмыштуулуктун күч алышына тиешелүү болду.

Бул программалардын алкагында биз биргелешкен масштабдуу ыкчам-алдын алуу иш-чараларды жана атайын операцияларды жүргүзөбүз, конкреттүү кылмыштар боюнча өз ара тапшырмаларды аткарабыз, тажрыйба алмашабыз жана кызматкерлерибиздин квалификациясын жогорулатабыз. Биздин биргелешкен аракеттерибиздин аркасында ондогон оор жана өзгөчө оор кылмыштар ачылып, жүздөгөн кылмышкерлер изделүүдө.

Бүгүн мага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри катары ушул Кеңештеги Төраганын келерки жылга ыйгарым укуктары берилди.

“Бүгүнкү жолугушуу, ар бир кеңештин отуруму сыяктуу эле, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу үчүн алдыга карай олуттуу кадам болуп саналат деп ишенем. Кеңештин отурумунда кабыл алынган чечимдер, албетте, биздин мамлекеттердин жана элдердин жыргалчылыгы үчүн кызматташтыгыбызга жаңы дем берет”, – деп белгиледи Улан Ниязбеков.

ИИМдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 09 08 at 14.51.56 1 КМШ мамлекеттеринин Ички иштер министрлеринин Кеӊешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын уюштурулду