Бийбосунов Ош облусунун Алай районунун жашоочулары менен жолугушту

Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Алай районунун жашоочулары менен жолугушту

2022-жылдын 8-сентябрь күнү саат 16:00дѳ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Алай районунун жашоочулары менен жолугушту. Эл менен жолугушууга Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Зияйдин Жамалдинов дагы келишкен.


Жолугушуу Алай райондук маданият үйнүн жыйындар залында өттү.


Жыйындын жүрүшүндѳ жергиликтүү тургундар төмөнкү маселелер боюнча кайрылышты: Алай районунун Таш-Коро айылынын аймагында таш казуу үчүн 7 жылдан бери чечилбеген 600 га жердин айланасындагы жасалма документ тууралуу талаш маселе, турак жай салууга жер тилке бѳлүп берүү, Гүлчѳ айылында 600 окуучуга ылайыкташкан орус тилинде сабак берүүчү бир мектептин кошумча имаратка муктаждыгы жана башка айылдарда да мектептерти ремонттоо керектиги, Нура айылына чек ара статусун берүү, Сары-Таш айыл аймагында сугат суу жетпегендикда таза суу жана бала бакча жетишпегендиги, Сары-Таш айылындагы милициянын айылдык бѳлүмчѳсүнѳ жарандарды тейлѳѳ үчүн жаңы автоунаа бѳлүп берүү жана имараты эскилиги жеткендиги, Жаңы-Алай айыл аймагына электр мамычаларын жаңылоо, жүндү иштетүү боюнча цехтерди куруу сунушу ж.б маселелер айтылды.
Бул багытта арыз менен кайрылган жарандардын арыздарын жеринде тийиштүү кызматтар кабыл алышты.


Ал эми жарандар тарабынан ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан терс маселе кѳтѳрүлгѳн жок. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жарандардын милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнѳ байланышкан арыз-даттануулар болсо ар дайым кабыл алууга даяр экендигин жана ал багытта мыйзам чегинде чечилүүсү боюнча тыкыр кѳзѳмѳлгѳ ала тургандыгын билдирди. Ошондой эле милиция кызматкерлеринин шарттарына кѳңүл бургандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

WhatsApp Image 2022 09 08 at 15.42.01 2 Бийбосунов Ош облусунун Алай районунун жашоочулары менен жолугушту
WhatsApp Image 2022 09 08 at 15.42.01 Бийбосунов Ош облусунун Алай районунун жашоочулары менен жолугушту

ИИМдин Басма сөз кызматы