Мүлк салыгын төлөө боюнча айдоочулардын арасында текшерүү жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарында 4-топтогу транспорт каражаттары мүлк салыгын төлөө боюнча айдоочулардын арасында текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи май райондук администрациясынын кызматкерлери Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи май району боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте «Ала-Тоо» аянтында, ошондой эле Батыш автобекетинин аймагында рейд өткөрүштү.

Анын жүрүшүндө 60ка жакын унаа ээлери текшерилип, анын ичинен 6 унаанын ээсине акт түзүлдү.

Свердлов районунда да кыймылдуу мүлккө салык төлөбөгөн унаа ээлерин аныктоо боюнча рейд иштери күчөтүлдү. Рейддин жүрүшүндө 644 унаанын ээлери токтотулуп, текшерүүгө алынды.

Бардыгы болуп 88 акты түзүлдү, анын ичинен транспорт салыгы боюнча 79 акт жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын (такси кызматы) көрсөткөн жеке жактардын патенти жок экендиги боюнча 9 акт түзүлдү.

1024x766xwhatsapp image 2022 09 06 at 17.37.15.jpeg.pagespeed.ic.Cj4LDR93T4 Мүлк салыгын төлөө боюнча айдоочулардын арасында текшерүү жүргүзүлүүдө
1024x576xwhatsapp image 2022 09 06 at 17.37.15 1.jpeg.pagespeed.ic.LkDnR4J 4g Мүлк салыгын төлөө боюнча айдоочулардын арасында текшерүү жүргүзүлүүдө
1024x576xwhatsapp image 2022 09 06 at 17.37.15 Мүлк салыгын төлөө боюнча айдоочулардын арасында текшерүү жүргүзүлүүдө