Бийликти сындаган Эмиль Бекиев кармалды

Маалыматка караганда активист, адахан мадумаровдун тарапташы Эмиль Бекиев алгач Орусиядан ФСБ аркылуу кармалып, андан кийин Тамчы аэропортунан ИИМ тарабынан кармалган.

Эске салсак, буга чейин Бекиев Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин алдына жалгыз пикетке чыгып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдирген.

th 46 Бийликти сындаган Эмиль Бекиев кармалды

Буга чейин, август айында Бекиевди орусиялык Коопсуздук кызматы тарабынан мыйзам бузганы үчүн кармалып, Коопсуздук кызматы өз учурунда Челябинскидеги советтик райондук сотко Эмиль Бекиевдин россиялык жарандыктан ажыратууну суранышкан.

Ал эми Кыргызстанда Бекиевге кылмыш иши козголгон.

“Учурда ал кайда экени белгисиз”, – дешет тарапташтары