Мукаш Абдраев атындагы музыкалык интернатка жаңы директор дайындалды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Сырдыбаева Разия Мадылбековна 2022- жылдын 2-сентябрынан тартып, Мукаш Абдраев атындагы республикалык атайын-орто музыкалык мектеп-интернаттын директору кызматына дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Филология илимдеринин кандидаты, фольклор багытындагы музыка таануучу Разия Сырдыбаева буга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери болуп эмгектенип келген. Ошондой эле, ал «Устатшакирт» коомдук фондунун жетекчиси катары белгилүү.