Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасынын Кыргызстандагы жолугушуулары өттү

Бул тууралуу Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин басма сөз кеңешчилиги билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 23-24-июнь күндөрү Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) Төрагасы Мустафа Шентоп, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) 11-пленардык жыйыны үчүн Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарына келди. Иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов менен жолугушту.

Жолугушуулар учурунда Фетуллахчы террордук уюму/паралелдүү мамлекеттик структура (ФЕТО/ПЙД) маселесине токтолгон Шентоп, ТүркПА 11-пленардык жыйынында төмөндөгүлөргө токтолуп өттү:

“ФЕТО/ПЙД-билим берүү жана элге кызмат (хизмет) маскасын жамынып алып, биздин түшүнүктөрдү жана баалуулуктарды кыянаттык менен пайдаланган, жашыруун максаттары үчүн жаштардын ишенимдерин, сезимдерин жана психикалык дүйнөсүн бузган террордук уюм.  

Бул террордук уюм жалгыз гана Түркия үчүн коркунуч эмес. Аталган уюм, кайсы өлкөлөрдө иш алып барса, ошол өлкөнүн коомдук түзүлүшүнө, социалдык тынчтыгына, мамлекеттик кызмат жана демократиясына коркунуч туудурат. Ошондуктан, дин менен билим берүүнү зордук-зомбулуктун жана кыянаттыктын куралына айландырган бул чыккынчы уюмга каршы баарыбыздын этият, сак болуубуз жана кызматташтык ичинде ​​иш алып баруубуз шарт.

2016-жылдагы төңкөрүш аракети учурунда ФЕТӨ / ПДЙ Түркия Улуу Улуттук Жыйынына 3 бомба таштаган. Бомбаны таштоо үчүн, учкучтарга тапшырмаларды берген кишилер, балдарыбыз билим алсын деп аманат кылган мектептердин жана колледждердин директорлору, мугалимдери экендиги, алардын рацияларындагы жазуулар аркылуу сотто аныкталды. Түркия катары жарандарыбыздын өмүрүнө, демократиябызга, эгемендүүлүгүбүзгө жана келечегибизге коркунуч келтирген бул чыккынчы “Фетуллахчы террор уюмуна” каршы күрөшүбүздү улантабыз жана бул түзүлүштү бүткүл дүйнөдө жок кылганга чейин күрөшүбүз улана берет. Бул – мамлекет чечкиндүүлүгү, бул – мамлекет чечими”.

ТУУЖ Төрагасы Шентоп, Кыргыз Республикасынын Президенти Урматтуу Жапаров менен жолугушуусунда да ФЕТӨ/ПДЙ коркунучу тууралуу кооптонууларын айтты. Жолугушууда Шентоп, ФЕТӨнүн 15-июлдагы чыккынчы төңкөрүш аракети жана башка өлкөлөрдөгү ФЕТӨ иш-аракеттери тууралуу Жапаровго маалымат берип жатып, бир нече өлкө ФЕТӨгө тиешелүү мекемелерди Түркияга өткөрүп бергенин айтып өттү.

Шентоп ФЕТӨ иш алып барган бардык өлкөлөр үчүн улуттук коопсуздукка тобокелчидик жаратаарын белгилеп, иш сапары менен келген дос жана бир тууган өлкөнү коркунучка каршы сак болуусу үчүн эскертип жаткандыгын белгиледи.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Шентоп мырза Жапаров менен болгон жолугушуусунун акырында, ФЕТӨ, иш жүргүзгөн өлкөнүн Түркия менен болгон карым-катнашын үзгүлтүккө учуратарын айтып, ФЕТӨнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотуу достуктун зарылчылыгы экенин баса белгиледи.

ТУУЖнын Төрагасы Шентоп, Кыргызстанга жасаган иш сапары тууралуу “А Хабер” басма сөз каражатына берген маалыматында төмөндөгүлөрдү билгилеп өттү:

“ФЕТӨ Түркиядан сырткары бир топ өлкөдө иш-жүргүзөт. Аталган өлкөлөрдүн көбүндө алардын иш-аракеттерине чекит коюлду. Бирок иш жүргүзүүнү уланткан тармактары да бар. Өкүнүчтүүсү дос өлкөлөрдүн кээ бирлеринде иштерин улантып жатышат. Кээ бир саясий жагдайлар аларга жаңы мүмкүнчүлүктөи ачкан учурлар болот. Иш сапарынын алкагындагы жолугушууларда өз пикирлерибизди айттык.

 Шентоп, “ФЕТӨ Түркия үчүн улуттук коопсуздук коркунучу. Пренцип катары бул ушундай негизде уланып жатат, Түркия жалпысынан айтканда алардын калың катмарын жеңди десек болот. Биз дос өлкөлөргө ФЕТӨгө байланыштуу өтүнүчтөрдү өзүбүз үчүн айтып айткан жокпуз. Биз бул жагынан алганда зарыл болгон бардык нерсени жасадык жана аларды жоюу иштерин жүргүздүк. Бир тууган өлкөлөрдө да ушундай көйгөйлөрдүн болушун каалабайбыз.

ФЕТӨ иш алып барган өлкөлөрдө, Түркия менен ал өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды бузууга аракет кылууда. 15-июль тууралуу Кыргызстанда өткөн иш-чара мамлекеттик кызматкерлер тарабынан териштирилгенин уктук. Буга кошумча, эки өлкөнүн ортосунда ачылган “Манас” университети бар жана бул окуу жайдын ишинде бир топ тоскоолдуктар болуп жатканын билдик. Бул аркылуу алар эки өлкөнүн мамилесине терс көрүнүш жаратууга аракет кылып жатышат.

ФЕТӨ, убакыттын өтүшү менен иш алып барып жаткан өлкөлөрүндө, ал өлкөнүн улуттук коркунучуна айланышы мүмкүн. ФЕТӨ Түркиянын буга чейинки мамилелерин ууландырууга аракет кылууда. Бул жакта ушуларды айтып, эскертүүлөрүбүздү жасадык. Бул жасалгандар пайдалуу болот деп ишенебиз”, – деди.