Борбордогу көчөдөн уурдалган кыз табыла элек

Милиция Бишкек шаарындагы көчөдөн кыздын уурдалганы боюнча издөө иштерин улантып жатат. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үч күндөн бери кыздын уурдалышы боюнча арыз менен эч ким кайрылган эмес.

«Интернетке тараган видеого байланыштуу факт каттоого алынган. Бишкек ШИИББ жана Чүй ОИИББдин өздүк курамына багыттама берилип, тергөөгө чейинки териштирүү жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 24-июнда Эркиндик бульвары менен Жибек Жолу көчөсүнүн кесилишинде кыздын уурдалганы тууралуу видео интернетке тараган. Чөнтөк телефонго алысыраак жерден тартылган кыска видеодон кыз “жардамга” деп кыйкырып, ал эми видеого тартып жаткандар “аны уурдап кетишти” деп айтып жатышканын көрүүгө болот.