Ильгиз Шаменов президенттен Айыл чарба министрлигинин жетекчилик кызматын сурады

Ишкер Илгиз Шаменов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Садыр Жапаровго кайрылып, Айыл чарба министрлигинин жетекчилик кызматын сурап, туңгуюктан чыгарам деп убада берүүдө.

«Урматтуу Садыр Жапаров сазга батып, коррупцияга чөмүлүп бара жаткан айыл чарбасын көрүп, жүрөк ооруйт. Министрдин ордун мага бериңиз, олуттуу иштерди кылып, тез арада бул туңгуюктан алып чыкпасак, айыл чарбасын биротоло жерге көмөбүз. Балык чарбасы, айыл чарбасы өлдү, дыйкандар, ишкерлер ыйлап жатат, бир өзгөрүү болгон жок.

Тескерисинче артты көздөй, катуу ылдамдыкта өзгөрүүлөр болууда. Министрдин орду атасынан калса дагы эмне болуптур, мен сизге душман эмесмин.

Кыргызстан баарыбыздыкы, сиз Кыргызстан үчүн кандай күйсөңүз, биз сизден ашса ашаарбыз бирок кем калбайбыз.

Кыргызстанды 1-2 жыл ичинде, агрардык өлкөгө айлантып, экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүп, 2-3 эсе кымбат баада сатууга шарт түзүп берем«- деп айтылат анын кайрылуусунда.

Ильгиз Шаменов президенттен Айыл чарба министрлигинин жетекчилик кызматын сурады

Илгиз Шаменов Нарындагы «Жетим-Тоонун» казылышына каршы чыгып, бийлик тараптан куугунтукка кабылганын айтып чыккан. Өзүнүн балык чарбасын дагы жабууга аргасыз болгонун шардана кылган эле. Ал ортодо унаасына граната коюлуп, өкмөттөн жан сакчы сураган. Ал балык чарбасы менен алектенет.