Баткен мамлекеттик жогорку окуу жайынан өрт чыккан

Баткен мамлекеттик жогорку окуу жайынан 30-декабрда өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, тилсиз жалын саат 14:16да чектөөгө алынып, саат 15:00дө толук өчүрүлдү.

Өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген зыян такталууда.