Мурдагы күйөөсү бычактаган 24 жаштагы келин каза болду

Ноокенде мурдагы күйөөсү бычактаган 24 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык. 26нан 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда аялдын киши колдуу болгондугу тууралуу милицияга билдирүү түшкөн.

Аталган факты Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Окуя болгон жерге Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу чыгып, кароо жүргүзүлүп, ишке керектүү тиешелүү материалдар чогултулуп алынган.

Ошондой эле каза болгон аял Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну М.Г. экендиги такталып, анын сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык изилдөөгө берилген. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган.

Ноокен РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү делген адамды кармашкан. Ал каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын 1989-жылы туулган А. И. аттуу тургуну болуп чыккан.

Шектүү райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иштин алкагында жана соттун кароосуна жиберүү үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.