Күйөөсү аялын өзүнүн бутун өпкөнгө мажбурлап, байпагын оозуна тыккан

Күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган аял өзү көргөн тагдырын маалымат жыйында айтып берди. Анын айтымында жарандык никедеги жолдошу ар түрдүү зордук-зомбулук көрсөтүп, аялын өзүнүн бутун өпкөнгө мажбурлап, байпагын оозуна тыккан учурлары болгонун билдирди.


Мындай көрүнүшкө Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурорунун мыйзамсыз аракеттерди кылгандыгын “Сезим” кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова айтты.


Маалымат жыйынындын жүрүшүндө Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көбөйүп жатканын, бирок жабырлануучулар сотто көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыктан алардын көбү чечилбей жатканын белгиледи. Буга себеп жабырлануучуну коркутуу болуп жатат. Мындан ары эмне болот деп коркуп көрсөтмө берүүдөн баш тартууга аргасыз болуп жаткандыгы айтылды.


«Сезим» кризисттик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, күйөөсүнүн ур-токмогунан тажаган жабырлануучулардын бирин алып келген, ал баарын айтып берүүнү чечкен, бирок ал аты-жөнүн айткан эмес. Ал күндөн көз айнек тагынып, жүзүн жоолуктун артына жашырган. Ошол эле маалда аталган борбордун жетекчиси журналисттерге суроолорду катуураак берүүсүн суранды. Анткени аялдын бир кулагы урулган соккудан такыр укпайт, экинчиси бираз угаарын эск

Жабырлануучу 2011-жылдан бери күйөөсү тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айтты. Экөөнүн үч баласы бар, анын бирөөсү биринчи никесинен. Ошол эле учурда эркек биринчи аялы менен ажырашкан эмес, анын жалпы жети баласы бар. Ал беш убак намаз окугандыктан анын мыйзамсыз аракеттерге барат деп ойлобогонун билдирди.


«Ал башынан эле мага кол көтөрө баштады, психологиялык, физикалык зордук-зомбулук болду. Бул менин экинчи никем болгондуктан, аны сактап калгым келди. Барына чыдадым, макул болдум. Кайрадан ажырашып ата-энемдин үйүнө баргым келген жок. Беш айлык боюмда бар кезде ушунчалык катуу сабап, балам ичимде өлүп калды. Ал менден «эч кимге айтпачы,болбосо камаласын»,- деп суранды. Кечирим сурады, оңолом деп убада берди. Дарыгерлер болсо баланы жөн эле алып сала албайбыз дешип, түйүлдүк толук калыптангандыктан бөлүктөргө бөлүп, кескилеп алып салышты. Өзүмө кан куюшту. Андан кийин азыркы балдарым төрөлдү. Алар ыйлаганда аларды да сабап, оозуна жаздык жапкан күндөрү болду», — деди аял ыйлап.


«Мындан сырткары отуруп алып бутун көтөрүп өбүүгө мажбурлайт. Анын бутун чын жүрөктөн өппөгөндөй көрүнсө тебет. «Куранда аял күйөөсүнүн бутун өбүш керек»,- дейт. Байпагын да чечип, оозума такайт. Андай кылбаңыз деп балдар ыйлап жалынышат. Мындай учурда аларды сөгүп, өзүңдүн тукумуңду төрөдүң деп, беттерине түкүрөт. Ал мени мени ваннага чачымдан сүйрөп барып, полго таштайт. Ошол эле учурда ал жерге сийип, бетим менен тазалатып азаптайт. Кошуналар кийлигише турган болсо, аларды түртүп чыгарып, жашообузга кийлигишпөөнү талап кылат»,-деп кошумчалады.

Жабырлануучунун уулдарынын баш мээси чайкалганын, кыздарынын энурез оорусу бар экени айтылды. Алар атасы тууралуу укканда эле өзүн кармай албай жатканы белгилүү болду.

«Учурда зордук көргөн аял аны таштап кеткен, ал тургай бизге жардам сурап кайрылган, бирок ал кайтып келүүнү талап кылган, антпесе анын ата-энесин жана инисин өлтүрөм деп коркуткан. Сотко кайрылганда ага жалаң коомдук жумуштарды аткаруу милдеттендирген. Бирок, ал ыны да өзү кылбастан бул ишти башка бирөөгө акча төлөп кылдырган. «Мына биздин мыйзамдын иштегени! Мен аны милициянын жардамы менен үйдөн сүйрөп чыгып кетүүгө туура келди. Ошондо анын денесинин соо жери калган эмес. Анткен менен прокурор 136-берене «Денеге жеңил залал келтирүү» боюнча иш козгоп койду. 138-берене , «кыйноо». боюнча болушу керек болчу. Бул эмне жеңил залалбы? Баланы өлтүрүп койду, кулагы укпай калды», — деди кризистик борбордун директору.

«Ал эч нерседен коркпойт, аны «өлтүрүп коюп деле бир, эки жыл отуруп чыгып, көргүлүктү көрсөтөм»,- деп коркутуп жатат. Аламүдүн районунун прокурору – 100 саат коомдук жумушка тартылып, мамлекетке 50 миң сом төлөөгө милдеттендирилген. Жолдошу жабырлануучуну өкүм боюнча тазалай турган жерге сүйрөп барып «мына, эми сен өзүң тазалайсың, баары сенин аркаңдан болду»,-деп айыптаган. Кыздарын болсо чачынан сүйрөп, тепкен. Баласын уруп, оозун жарып салган. Аялын жана кыздарын анын бутун өпкүлөөгө мажбурлаган. Прокуратура эмнеге баарын билип туруп, ушундай жеңил жаза сурайт?!»,- Бүбүсара Рыскулова.