Улуттук банктын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды

Кайып Куленбеков Улуттук банктын төрагасынын жаңы орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматтарга ылайык, Кайып Куленбеков буга чейин Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директорунун орун басары болуп иштеген. Улуттук банкта 1993-жылдан бери иштеп келгени да ачык булактардан белгилүү.

Эске салсак, бүгүн президенттин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш ээлеген кызматынан бошотулганы белгилүү болгон.