Көп жылдар өтсө да, биздин эмгегибизди баалады, – Камчыбек Ташиев президентке ыраазы болду

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдон алган сыйлык боюнча журналисттерге комментарий берди.

«Сыйлык мен үчүн күтүүсүз болду. Мамлекет башчысы Садыр Нургожоевичке ыраазычылыгымды билдирем. Көп жылдар өтсө да, биздин эмгегибизди баалады. УКМКнын негизги багыты – өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу. Биздин кызматкерлер бүгүнкү күндө өз милдеттерин так аткарып жатышат, мындан ары да ошондой болот деп ишенем», — деди Камчыбек Ташиев.

УКМКнын жетекчиси мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси менен эң жогорку даражадагы «КР Баатыры» наамы менен сыйланган.

https://fb.watch/fhxpSPqM6y/