“Мени окууга кое бергиле”:Ырыс Жекшеналиев аны бошотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды

Ырыс Жекшеналиев аны бошотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык соту блогердин баш коргоо чарасын карап камакта калтырыруу чечимин кабыл алды.

«Менин ишимде кылмыштын курамы жок. Мени окууга кое бергиле. Мен видеонун эски экенин билген эмесмин, анткени алар мага жөнөткөн видеонун шилтемеси жаңы, бир нече саат мурун жарыяланган. Эч кандай монтаж болгон эмес видео. Окушум керек. Апам жалгыз жашайт, кыш келе жатат, баарын өзү көтөрбөйт. Мен тынч окуйм, эч кимге тоскоолдук кылбайм», — деди ал.

Эске салсак, фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.