Көлгө жаш жигит чөгүп кетти

Бүгүн, 2-сентябрда Каракол шаарындагы көлгө чет элдик жаран чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар чөгүп кеткен адамдын сөөгүн 13:20да алып чыгышкан.

Болжол менен 25-30 жаштагы Е.А. аттуу жигиттин сөөгүн алып чыгуу үчүн жерине 4 куткаруучу тартылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.