Алтынды мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды

Алтын өндүрүүчү компаниянын кызматкерлери алтынды мыйзамсыз ташып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү («Коррупция») менен Чаткал районунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду.

Алар «О.Т.» ЖЧКсынын кызматкерлери менен биргеликте алтын казуудагы мыйзамсыз иштерди жана алтын чайкоону жашырып жүрүшкөн.

IMG 20220827 WA0074 Алтынды мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды

Такталгандай, «О.Т.» фирмасы алтын кенин иштетүү боюнча өз ишин жүргүзүүдө алтынды казып алуу максатында лицензиялык аянттын чек арасын бузуп, кийинчерээк оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай катары колдонушуп, мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтиргендиги аныкталган.

Мындан сырткары, «О.Т.» ЖЧКнын кызматкерлеринин эсепке алуусуз жана тиешелүү төлөмдөрдү төлөөсүз мыйзамсыз казылган алтынды ташуу жана сатуу аракети аныкталып, ал ишине бөгөт коюлду.

2022-жылдын 26-августунда «Сосновка» постунан Чаткал-Бишкек багытында бара жаткан «Лексус GX 470» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп, салонунан ЖЧКнын жетекчиси жана анын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз ташылып бара жаткан 1,5 кг жакын мыйзамсыз казылып алынган алтын табылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштин алкагында «О.Т.» компаниянын башкы директору КР жараны Д.Т.Э. кармалып, КР Кылмыш- процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын Жалал-Абад обласундагы тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

IMG 20220827 WA0076 1024x768 1 Алтынды мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды
5 Алтынды мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды
IMG 20220827 WA0075 1024x768 1 Алтынды мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды
IMG 20220827 WA0071 1024x768 1 Алтынды мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды