Экспертиза: “Азия Моллдо” табылган граната заводдук ыкма менен даярдалган, бирок колдонууга жараксыз

Бул тууралуу Бишкек ш. Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Мурун билдирилгендей, 2022-жылдын 11-август күнү болжол менен саат 13:55 чамасында “Азия Молл” соода борборунун жер төлөсүндө “Тойота Камри” маркасындагы автоунаасынын алдынан РМД-5 гранатасына окшош металл буюм табылган жана глушителине зым менен бекитилгенлиги аныкталган.

WhatsApp Image 2022 08 27 at 14.57.41 Экспертиза: "Азия Моллдо" табылган граната заводдук ыкма менен даярдалган, бирок колдонууга жараксыз

Изилдөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык РМД-5 гранатасынын корпусу жана УЗРГМ от алдыруу: күжүрмөн, ок-дары болуп саналат, конструкцияда тротил жана тетрил жарылуучу заттар бар, заводдук ыкма менен даярдалган, кайра заряддалууга дуушар болгон эмес, бирок колдонууга жараксыз, сыноолордо “баш тартуу” берилген. Башкача айтканда, граната күжүрмөн аракетке келтирилиши мүмкүн эмес, буга байланыштуу бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин ( Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу) фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштын бетин ачууга багытталган зарыл тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда, анын жыйынтыгы боюнча процесстик чечим кабыл алынат.