Москва райондук милициясынын тергөө кызматкерлери пара менен кармалды

Чүй облусунун Москва райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматкерлери пара менен кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында акча талап кылуу фактысы боюнча коррупцияга бөгөт коюунун алкагында, 26-августта Москва районунун ИИБнын тергөө кызматынын кызматкерлери Э.А.К. жана А.А.К. кармалды

​Аталган милиция кызматкерлери ар кандай шылтоолор менен «К.И.К.» аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын токтотуу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын пара катары алууга аракет кылышкан.

​Натыйжада К.И.К. аттуу жаран Москва РИИБ кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган. Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара талап кылуу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган.

«26-августта Ички иштер министрлигинин ички кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кызматтык бөлмөсүнөн белгиленген сумманын бир бөлүгүн, тагырагы 70 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурунда Москва районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүлөрү Э.А.К. жана А.А.К. кармалды», — деп айтылат маалыматта.

​Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.