Эми “Кумтөр” бүткөнгө чейин 53 миллион доллардын пайдасын биздин банктар көрүшөт, – Садыр Жапаров

Кумтөрдүн айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу мамлекет башчы Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, андагы акциялар боюнча кенен токтолду.

-“Коррупциялык жактан келтирген зыяндарын дыкат иликтеп чыккыла” деген буйрук бердим. Албетте, төлөбөй жүргөн салыктары чыкты. Аларды “Кумтөргө” төлөттүк.

Ошентип бир жыл бою талаш-тартыштар уланды. Сүйлөшүүлөр жүрдү.

Акыры алар ынанып, “Кумтөр” 100 пайыз Кыргызстанга өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз илгертен бери ала албай жүргөн 53 миллион доллар чет өлкөдө трасттык фонддо жаткан акчабызды Кыргызстанга котортуп алдык. Бул акча – “Кумтөр” токтогондон кийин жаратылышты калыбына келтирүүгө жумшала турган акча. Буга чейин чет өлкөдө бир банкта жаткан. 30 жылдан бери кайсы саясатчы “Кумтөр” темасын көтөрбөсүн, “Эмне үчүн чет өлкөлүк банкта жатат? Биздин банктарда сактагыла, биздин банктар пайдасын көрсүн!” дешип, ушул акча жөнүндө кеп кылышчу. Бирок биздин банктарга бир доллар дагы которуп бере алышкан эмес. Мына бүгүн Улуттук банкка келип түштү. Эми “Кумтөр” бүткөнгө чейин 53 миллион доллардын пайдасын биздин банктар көрүшөт. Мындан сырткары, бизге 50 миллион доллар компенсация төлөгөнгө макул кылдык. Дагы 11 миллион доллар былтыркы жылдын дивидендин алдык. Ошентип 61 миллион доллар дагы стабилизациялык фондго келип түштү. Эми бул акчага, буюрса, “Тамчы” СЭЗин курабыз.

“Акциябыздан эмнеге баш тарттык, 500-600 миллиондук акциябыз бар болчу” дешет. “30 жылда 30 тыйын дивиденд пайда албаган акциянын эмне кереги бар?” демекчимин. Биз “Кумтөрдү” алып кеткенден кийин андан да ылдый түшүп калды.

Ал акцияларыбыз жөн эле бир кагаз болуп калган.

Ал эми жаратылыш үчүн салган айып пулубуздан баш тартуу боюнча: “баш тартпайбыз” деп элүү жыл соттошсоң да, элүү тыйын ала албайсың. Муну көзү сокур, көөдөнү көр киши эле көрбөй турбаса, акылы тунук адамдардын баары көрүп турат. Мен жогоруда айтып өттүм. Өзүбүз күнөөлүүбүз, “жаратылышыбызды талкалай бергиле” деп мыйзам менен бекитип бергенбиз. Өмүр бою соттошуп жүрө бергиче, “Кумтөрдү” алып койгонубуз миң пайыз пайдалуу болду, “Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө” дегендей. Мурда Кыргызстанга жылына 5 миллиард сомдун тегерегинде эле пайда берчү. Азыр салык, соцфонд жана башка төлөмдөр, таза кирешелер менен кошуп санасак, 50 миллиардга жакын сумма чыгат. Соттошуп жүрүп алмакпыз деген сумманы 4-5 жылда “Кумтөрдөн” эле чыгарып алабыз.

Эми алтын сатууга келели. Өлкөдөгү “Кумтөр” баштаган бардык алтын казылган кендерден алтынды “Кыргызалтын” аркылуу Улуттук банк сатып алат. Ал алтынды чет өлкөгө алып барып дүйнөлүк биржага сатып келип, кимден канча алтын алган болсо, акчасын кайтарып, эсептешип турат. Ошентип айлануу процесси жүрүп турат. Кен казган мекемелердин алтынын сатып келип, акчасын берип турбаса, кендер кантип алтын казмак эле? Аларга асмандан акча түшөбү? Ошентип айланып олтуруп, жылдын аягында “Кумтөрдөн” түшкөн таза киреше казынага келип түшөт. Ар бир доллары көзөмөлдө болот. Улуттук банк, “Кыргызалтын”, “Кумтөр” – үчөө ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн керт баштары менен жооп беришет.

Бул жагынан элибиз эч кам санабай эле койсо болот.

Түшкөн пайдасынан эмгек акылар, жөлөк пулдар көтөрүлүп жатат.

Ал эми “19 тонна, 21 тонна алтындарды жашырып коюшуптур” деп ач айкырык салып, билип-билбей сүйлөп жаткан инилериме түшүндүрүп берейин. Мындан ары билип жүрүшсүн. Өздөрүнө жакшы болот. Алтынды жүктөп, чет өлкөгө алып кетип жатканда, баары жашыруун болот. Кайсы өлкөгө, кайсы убакта, кайсы самолёт менен алынып кетип жаткандыгы өзгөчө жашыруун. Бул элден жашырыш үчүн эмес, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн жашыруун болот. Элестеткиле, Улуттук банк бир миллиард доллардын алтынын алып кетип жатса, жетчү өлкөгө жетиш үчүн канча деген өлкөлөрдүн үстүнөн учуп өтөт. Анан баланча тонна алтынды баланча өлкөгө, баланча рейс менен алып кетип жатабыз деп жар салса, албетте, жетпей калышы мүмкүн. Мындан ары да кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы айтылбайт. Чет өлкөлүк банкка алып барып, дүйнөлүк биржанын баасы менен сатып келип турат. Бардык документтер жазылып, архивдерде өмүр бою сакталып калат.