“Альянс Алтын” компаниясы Жерүйдүн кызматкерлери үчүн жаңы турак жай комплексин куруп берди

Жерүй кенинде 166 орундуу үч кабаттуу жаңы турак жай комплекси пайдаланууга берилди.

Имарат бир жыл ичинде курулуп бүткөн. В строительстве использованы самые современные экологичные и энергосберегающие материалы.

«Ар бир бөлмөдө жогорку сапаттагы эмеректер жана кызматкерлердин ыңгайлуулугу үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар», – деп белгиледи «Альянс Алтын» компаниясынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Андрей Шолоботько.

«Биздин жумуш абдан жоопкерчиликтүү, бош убактыбызда жакшы эс алуу биз үчүн маанилүү. Компания бизге бул сонун имаратты куруп берди. Мен абдан кубанычтамын, — дейт өндүрүштүк башкармалыктын инженери Динара Мамбеталиева.

“Альянс Алтындын” жетекчилиги кызматкерлердин маанайы, ишке берилгендиги көбүнчө алардын жашоо шартынан көз каранды экенин билдирди.