АШУУДА КАЛГАН ЖҮК ТАШУУЧУ УНААНЫН АЙДООЧУСУ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Такталган маалымат боюнча ал Белоруссия өлкөсүнүн жараны

19-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) “МАН” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Саат 23:15те ыкчам түрдө жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук №42 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жерине жеткен учурда токтоп турган унаанын айдоочусу жок болуп чыккан. Маалыматка ылайык ал Белоруссия өлкөсүнүн жараны. Учурда куткаруучулар издөө ишин жүргүзүүдө.

Кошумча малымат берилет.