Түркияда тик учак кырсыгынан каза тапкандардын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди

Түркияда тик учак кырсыгынан каза тапкан эки жарандын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелери менен биргеликте Измир провинциясынын Мендерес аймагында тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөктөрүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыккан.

“2023-жылдын 20-сентябрында каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап, Тахтали дамбасына кулап түшкөн.

Кырсык 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө катталган. Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учактын ичинде төрт экипаж болгон, алардын үчөө Кыргызстандын жараны. Алардын экөө каза болуп, бирөө ооруканага түшкөн