Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы кадр кризисин кантип чечсе болот?

Саламаттыкты сактоо тармагында жаңжал жараткан акыркы окуядан кийин көпчүлүктү ойго салган суроо жаралды. Эми жетекчилер негизги кызматтарга кантип дайындалат?

Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри болуп кайра келээри менен дароо эле Самидин Шабыралиевди Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун директорлугунан бошотту. Шабыралиев министрдин чечимине макул эместигин ачык билдирди. Ал аталган борбордо 39 жыл иштеп, жетекчи болуп дайындалганына 4 ай гана болгон.

Министр мындан тышкары саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоодо билимин жана жөндөмүн текшерүүчү тест менен коштолгон сынактык тандоонун натыйжалуулугун сындап кирди.  Алымкадыр Бейшеналиевдин пикиринде аларды Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы дайындашы керек.

Министрдин буга чейин ал кызматтан кетирүүгө аракет кылган атактуу дарыгерлер менен болгон окуяларды эске алганда, мындай кадрдык дайындоолордун кесепетинде кризис күчөп, бүтүндөй саламаттыкты сактоо системасы жабыркап калаары шексиз.

Андыктан, мындай кейиштүү абалдан чыгуунун башка жолдорун карап чыгуу зарыл. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январында бекитип берген  “Кадрдык резервди түзүүнүн жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун тартиби жана шарттары жөнүндө жобосу” мезгилдин талабы жана анын жардамы менен компетенттүү жетекчилерди тандоо тутумун түзүүгө болот.

Бул документте саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерин тандоонун туруктуу жана эффективдүү системасы сунушталган.

Жобого ылайык, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн аттестациядан өтүүгө мүмкүн болгон кадрлар резервин түзүү каралган.

Бош кызмат орундарына баруу үчүн талапкерлер башкаруучулук, кесипкөйлүк жана жеке ишкердик сапаттарын тест аркылуу сынап көрүшөт. Ошондой эле уюмду өнүктүрүү боюнча долбоор даярдашы керек. Мында ар бир талапкерге сынактык тандоонун катышуучусунун жеке коду ыйгарылып, алардын өздүгү аягына чейин эч кимге белгисиз болот.

Бул системанын негизги өзгөчөлүгү –  предметтик жана психологиялык тестирлөөнүн, мындан тышкары саламаттыкты сактоо уюмун өнүктүрүү программасынын долбооруна берилген баанын жыйынтыгы менен сынактык тандоонун жеңүүчүсү аныкталат. Ал эң жогорку упайга ээ болгон талапкер.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, алардын упайларына жараша рейтинг түзүлөт. Рейтинг таблицасына саламаттыкты сактоо уюмдарынын учурдагы жетекчилеринин жана кадрдык резервге киргизилген адамдардын тизмеси киргизилет.

Таблицада сынактын катышуучуларынын аттестациянын жыйынтыгы боюнча аныкталган ыйгарым укуктук деңгээли боюнча өзүнүн катардагы орду болот.

Ошентип, бул сынак саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилигине эң мыкты талапкерлердин келишин камсыздайт.

Бактыга жараша бул жаңы система учурда ишке киргизүүгө даяр жана КР Министрлер Кабинети тарабынан колдоого алынган. Болгону жаңы келген министр Алымкадыр Бейшеналиев бул жаңычылдыкты колдойбу, маселе ушунда болууда….