“Альянс Алтын” компаниясы Жерүйдүн жумушчулары үчүн жаңы турак жай комплексин куруп берди

Жерүй кенинде 166 орундуу үч кабаттуу жаңы турак жай комплекси пайдаланууга берилди.

Имарат туура бир жылда курулган. Курулушта эң заманбап экологиялык таза жана энергияны үнөмдөөчү материалдар колдонулган.

«Ар бир бөлмөдө жогорку сапаттагы эмеректер жана кызматкерлердин ыңгайлуулугу үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар», – деп белгиледи «Альянс Алтын» компаниясынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн башчысы Андрей Шолоботько.
«Биздин жумуш абдан жоопкерчиликтүү, бош убактыбызда жакшы эс алуу биз үчүн маанилүү. Компания бизге бул сонун имаратты куруп берди. Мен абдан кубандым жана таасирлендим, — дейт өндүрүштүк башкармалыктын инженери Динара Мамбеталиева.

Альянс Алтынанын жетекчилиги кызматкерлердин маанайы, ишке берилгендиги көбүнчө алардын жашоо шартынан көз каранды экенине ишенет.