Ош шаарындагы №25 СИЗОдо кармалган жаран каза болду

Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 24-августта саат 16:30дар чамасында биринчи режимдик имараттын 25-камерасында отургандар медицина кызматкерлерин чакыруу үчүн эшигин каккылай башташкан. Алар камералашы эсин жоготкондугун билдиришкен.

Келген кызматкерлер уурулукка айыпталган 33 жаштагы З.М.ны эс-учун жоготкон абалда табышкан. Ал 22-августта камерага киргизилген.

Маалым болгондой, З.М. жүрөк оорусуна даттанган. Ошондой эле анын эки бутунун сандарында гематомалар бар экени аныкталган.

Айыпталуучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн СИЗОнун медициналык бөлүмүнө жеткирилген. Окуя болгон жерге тез жардам да чакырылган. Саат 16:50 чамасында дарыгерлер тобу келип, адам каза болгонун аныкташкан.  Алдын ала маалыматтар боюнча, З.М. аттуу жарандын өлүмүнө курч жүрөк кемтиги себеп болгон.  Маркумдун сөөгү өлүкканага экспертизага саат 18.30да жеткирилген, туугандары аны алып кетишкен.  Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.