Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кеңейтилген курамда уланат

Бүгүн, 26-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кеңейтилген курамда уланат.

Бүгүнкү жыйындын күн тартибинде бир нече маселе турат:

— ЕАЭБдин газ рыногун түзүү тууралуу эл аралык келишимдин даярдыгы,

— жеке адамдар жүргүзгөн электрондук соодада кыйыр салыктарды алуу келишимине өзгөртүүлөдү киргизүү,

— транспорт чөйрөсүндө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлору,

— өз ара соода жүргүзүүдө эсептешүүнү улуттук валюта менен жүргүзүүнү кеңири жайылтуу иштери,

— ЕАЭБ алкагында алкоголь рыногун жөнгө салуу тууралуу макулдашуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер ж.б.

Эскерте кетсек, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кечээ, 25-августта башталган. Анда жолугушуу тар курамда өткөн. Кеңешмеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустуку Роман Головченко, Казакстандыкы Алихан Смаилов, Россияныкы Михаил Мишустин,  ошондой эле мейман катары Азербайжандын өкмөт башчысы Али Асадов катышууда.