Биринчи класстардын окуучулары үчүн каникул күндөрү III чейректе кошумча бир жумага узартылат

Жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылы сабактар 1-сентябрында башталып, 25-майда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сабактын узактыгы 1-класста — 40 минутаны, 2-11-класстарда — 45 минутаны түзөт.

1-2-класстарда окуучулардын ийгилигин баалоо белги койбостон сапаттык жана сыпаттоо ыкмалары колдонулат.

Бардык предметтер боюнча үй тапшырмалардын көлөмү аны аткарууга 2-3-класстарда — 1,5 саат, 4-5-класстарда — 2 саат, 6-8-класстарда – 2,5 саат, 9-11-класстарда – 3,5 саатка чейин болушу керек.

Каникулдардын графиги:

күзгү – 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрга чейин;

кышкы — 2022-жылдын 30-декабрынан 2023-жылдын 10-январына чейин;

жазгы — 2023-жылдын 20-29-марты.

Биринчи класстардын окуучулары үчүн каникул күндөрү III чейректе кошумча бир жумага узартылат.

Окуу процесси жүрүп жаткан кезде окуучуларды айыл-чарба иштерине тартууга тыюу салынат.