Россия Кыргызстан жана Тажикстандагы аскер базаларынын күжүрмөн даярдыгын күчөтөт

Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин РБК жазды.

Шойгу Шанхай кызматташтык уюмунун коргоо министрлеринин кеңешмесинде  белгилегендей, мындай аракеттер Афганистандагы кырдаалга байланыштуу көрүлүүдө.

«Кыргызстан жана Тажикстандагы аскер базаларыбыздын жана башка күчтөрүбүздү кризистик кырдаалдарга карата күжүрмөн даярдыгын күчөтүп жатабыз», — деди ал.

Анын пикири боюнча, Афганистандагы кырдаалды «Аль-Каида» жана ИГИЛ сыяктуу террордук уюмдардын активдүү ишмердүүлүгү кыйындатып жатат. Мындан улам ал жактагы абал Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, Кант шаарында Россиянын аскер базасы бар. Ал Кыргызстанда 2003-жылы ачылган. Ал эми Россиянын Тажикстандагы аскер базасы Душанбе жана Бохтар шаарларында жайгашкан.