Баткенде жүк ташуучу ууналарын жолдун жээгине токтотуп, соода-сатык иштери менен алектенген жарандарга эскертүү берилди


Баткен шаарында милициянын көчмө кабылдамасы менен милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, балдар менен иштөө инспекторлору 2022-жылдын 24-июль күнү базар аймагындагы жолдордун четинде жүк ташуучу ууналарын токтотуп, соода-сатык кылып турган жарандарга ар кандай кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузбоолору эскертилип, жол четинде туруп соода-сатык иштерин кылганга мүмкүн эместигин бир иреттен эскертүү беришип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп өтүштү.

WhatsApp Image 2022 08 25 at 07.27.55 Баткенде жүк ташуучу ууналарын жолдун жээгине токтотуп, соода-сатык иштери менен алектенген жарандарга эскертүү берилди
WhatsApp Image 2022 08 25 at 07.27.55 1 Баткенде жүк ташуучу ууналарын жолдун жээгине токтотуп, соода-сатык иштери менен алектенген жарандарга эскертүү берилди


Баткен шаарында милициянын көчмө кабылдамасы түзүлгөн графиктин негизинде үзгүлтүксүз иш алып барып, шаар тургундарына сервистик тейлөөлөрдү убагында жүргүзүп жатат.


Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы